Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова бүгүн маалымат жыйында жогорку окуу жайларда коррупция негизинен алты багытта өнүгүп жатканын жана паракорчулук менен күрөшүү үчүн план түзүлгөнүн билдирди. И. Болжурованын айтымында, негизинен абитуриенттер окууга жайга тапшырып жатканда, студенттер бир окуу жайдан башкага которулганда акча алмайлар башталат. Окудан четтеп калгандар окуусун калыбына келтиргенде, кышкы жана жайкы сессияларда, окутуучуларды жумушка аларда, каржылык-чарбалык иштерде, уруксат берчү документтерди берерде пара берүү күчөйт. (EBM)