Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Кыргызстанда “халал” атын пайдалангандар көбөйдү


Кыргызстанда “халал”, кыргызчалап айтканда адал деген ат менен ачылган ашкана, кафе, эт, дегеле тамак-аш сатуучу жайлардын көпчүлүгү талапка жооп бербейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” муфтийдин орун басары Сүйүн ажы Кулуев билдирди. Анын айтымында жакында атайын түзүлгөн комиссия “халал” деген Кыргызстандагы эт сатуучу жайларды текшерүүгө алган. Натыйжада эт базарлардан дүңүнөн алынып кайра сатылаары, бузулуп кеткен эттер бардыгы аныкталган. Айрымдары өздөрү түшүнбөгөн, ар кандай хадисттерди, сүрөттөрдү да илип алып, кардарларды тартат, дейт Сүйүн ажы. Мындай комиссия адал этти сатып иштөөгө уруксат алуу үчүн, сертификат берүүнү өтүнгөн каттардын улам түзүлгөн. Жыйынтыгында бештей гана эт сатуучу жай талапка жооп берет деп табылган. (KE)

XS
SM
MD
LG