Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:56

А. Бекназаров: Жаңы тарых Таластан башталды


Мындай пикирин элдик жыйында Элдик революциялык кыймылдын негиздөөчүсү Азимбек Бекназаров билдирди. Ал муну элдик жыйынды колдоп берген таластыктарга ыраазычылык билдирип жатып айтты. Саясатчы ошондой эле бир үй-бүлөнүн кулу болбостун аргасы үчүн “башыбызды саюуга даярбыз” деди. Элдик жыйында Кыргызстандагы саясий-экономикалык кырдаал, президент Курманбек Бакиев башында турган азыркы бийликти алмаштыруунун жолу талкууланды. Жыйында сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү азыркы бийликти шайлоо жолу менен алмаштыруу үй-бүлөлүк, коррупциялык башкарууну күчөтөт деп, күч менен алмаштырууну жактады. Элдик революциялык кыймыл мындай жыйындарды эми калган облустарда да өткөрүүнү максат кылууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG