Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:52

Таластагы Элдик жыйын Улуттук кеңеш түздү


Улуттук кеңеш 20 кишиден куралып, анын төрагалыгына экс-баш прокурор жана экс-депутат Азимбек Бекназаров шайланды. Жыйындын чечимине ылайык Элдик революциялык кыймылдын мындан аркы аракеттерин Улуттук кеңеш аныктамай болду. Кыймылдын келерки жыйыны өтүүчү аймак дагы Улуттук кеңештин чечими менен аныкталат. Президент Курманбек Бакиевдин кызматтан кетишин таалп кылган “революциячылар” Таластагыдай жыйынды эми калган алты облуста жана Ош, Бишкек шаарларында өткөрүүнү максат кылышты. Таластагы жыйында өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал, президент Курманбек Бакиев башында турган бийликти алмаштыруунун жолдору талкууланып, көпчүлүк күч менен алмаштырууну туура көрүштү. Элдик жыйынга 1,5 миңге жакын киши катышкандыгы маалымдалды. Расмий бийлик алардын саны 250дөн ашпаганын айтышты. Жыйындын башында Элдик революциялык кыймылдын негиздөөчүлөрү турушту. Аларды колдоп Бишкектен “ЭрК” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу, “Ата мекен” партиясынын мүчөсү, “Ачык саясат” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбеков, "Жоомарт” патриоттук кыймылынын башчысы Нурлан Мотуев катышты. Жыйындын жүрүшүндө ички иштер министрлигинин жана коопсуздук комитетинин жергиликтүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери байкоо жүргүзүп турушту. (BuS)

XS
SM
MD
LG