Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:57

Курулушка салынган инвестициянын көлөмү азайды


Бул тууралуу Улуттук Банктын төрага орун басары Сүйөркул Абдыбалы тегин глобалдык каржы кризисинин Кыргыстандын экономикасына тийгизген таасирине арналган бүгүнкү талкууда билдирди. Соода тармагында өсүш кыйла жайлаганын айтты. Кыргызстандагы банктар кредиттердин көп бөлүгүн соода жана кызмат көрсөтүү тармагына берип келгенин, бул тармактардагы маселелер өз кезегинде ал банктардын кредиттик куржунунун сапатына таасирин тийгизерин кошумчалады. С. Абдыбалы тегин Кыргызстандагы банктар он беш жылдай убактан бери катаал шартта иштеп, бир катар кыйынчылыктарды баштан өткөргөнүн, ушундан улам өнүккөн өлкөлөрдөгү банктарга салыштырмалуу кризиске аздыр-көптүр даярдыгы бар экенин айтты. (EBM)

XS
SM
MD
LG