Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

Батышты түркмөн газы көбүрөөк кызыктырабы?


Түркмөн президенти Берлиндеги пресс-конференцияда, 14-ноябрь, 2008-ж
Түркмөн президенти Берлиндеги пресс-конференцияда, 14-ноябрь, 2008-ж

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедов 17-ноябрда Германиядагы алгачкы сапарын аяктады. Батыш Европага 140тай кишинин коштоосунда барган президент немис лидерлери, бизнес өкүлдөрү менен жолугушту.

Визиттин алдында Европа Биримдиги авторитардык, бирок энергия булактарына бай өлкө менен мамилелерди оңдоого даярдыгын ишара кылган эле. Хьюман Райтс Уотч уюму болсо немис бийликтерин сүйлөшүүлөрдө Түркмөнстандагы адам укуктарынын абалына байланышкан маселени козгоого үндөгөн.

Немис канцлери Ангела Меркел Германия Түркмөнстан менен энергия тармагындагы кызматташтыгын өрчүтүүгө даяр деп билдирди. Бул үчүн өлкөгө транспорт жана техникалык инфраструктура чөйрөсүндө жардам берилмекчи.

Түркмөнстандын “Алтын Асыр” мамлекеттик телеканалынын маалыматына ылайык, Бердимухаммедов сапарын “достук мамиленин жаңы барагы” катары сыпаттады.

Германиядан кийин түркмөн делегациясы Венага соода сүйлөшүүлөрү үчүн жөнөп кетти.

Германиялык аналитик, Eurosaian Transition тобунун өкүлү Михаел Лабуш Түркмөнстанда бийлик алмашкандан кийин Батыштын Ашхабадга мамилеси оң жакка өзгөргөнүн айтып, бирок европалыктарды адам укуктарына караганда түркмөн газы көбүрөөк кызыктырат деп белгилейт.

- Менимче, Батыш Европада Түркмөнбашы же Сапармурад Ниязовдун ордун баскан башка президент андан жакшыраак болот деген көз караш өкүм сүргөн. Бердимухаммедов бийликке келгенден бери Ашхабад менен Батыштын мамилелери оң жакка өзгөргөндүгүндө калет жок. Бирок ошол эле маалда Түркмөнстанда адам укуктарынын, жарандык укуктардын абалы таптакыр өзгөргөн жок. Ниязовдун тушундагы репрессивдүү система кала берүүдө.

Тилекке каршы, Батыш азыр Борбор Азия менен мамилелеринде негизинен, же дагы туурасы жалаң энергия тармагындагы алакаларга көңүл бурууда. Батыш лидерлери саясий системанын алмашуусун, жарандык укуктардын урматталышын негизги талап катары койбой жатышат. Түркмөнстан менен эки тараптуу байланыштардын жаңы доорун кубаттаган айрым батышевропалык адистер репрессивдүү режим жетекчилери менен экономикалык алакалар бекемделгенден кийин система автоматтуу түрдө өзгөрөт деп ишенишет. Менимче, бул Батыш Европанын Борбор Азиядагы диктаторлук режимдерге карата саясатынын чоң катачылыгы.

Human Rights Watch уюму Германия жана Австриянын жетекчилерине кайрылып, түркмөн бийликтери менен сүйлөшүүлөрдө адам укуктары маселесин козгоого үндөшкөн.

- Президент Бердимухаммедов бийликке келгенден бери өлкөдө адам укуктарынын абалы бир аз гана жакшырган. Бирок жалпысынан абал өкүнүчтүү. Сөз эркиндиги, жарандардын чогулуу укуктары, диний укуктар чектелүү бойдон кала берүүдө. Бир дагы көз карандысыз уюмга, эларалык бейөкмөт топторго адам укуктарын бузуу учурларын иликтөөгө уруксат берилген эмес, - деди уюмдун Берлин кеңсесинин директору Марианна Хуаген.

Арийне, Eurasia View басылмасынын жазганына караганда, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө Түркмөнстандагы адам укуктарынын абалы жөнүндөгү маселе козголду деген кабар түшкөн жок.

XS
SM
MD
LG