Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:50

Түштүк Осетиядагы жаңжал боюнча отчет жарык көрдү


Эл аралык Мунапыс уюму Грузия менен Түштүк Осетиянын ортосундагы чек арада мыйзамсыздык өкүм сүрүп жаткандыгын эскертти. Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча өкүлү Никола Дакуорстун айтымында, акыркы жумаларда аталган аймакта "уурулук, атышуулар, жардыруу, киши уурдоолор" үстөмдүк кылууда. Уюмга ылайык, 24 миңдей грузин Түштүк Осетиядагы жана Орусия таңуулаган "буфердик аймактагы" үйлөрүнө кайта албай жатышат. Бүгүн жарыяланган отчетунда Мунапыс уюму август айындагы жаңжалда эки тарап тең эл аралык мыйзамды одоно бузгандыгын белгилейт. Орусия менен Грузиянын өкүлдөрү бүгүн Женевада Абхазия, Түштүк Осетия боюнча сүйлөшүү өткөрүшүүдө.

XS
SM
MD
LG