Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

М.Ниязов: Эл бийликке да, оппозицияга дагы ишенбей турат


Биз революциялык жол менен эмес, эволюциялык жол менен барышыбыз керек. Мындай пикирин “Азаттыкка”саясатчы, Коомдук парламенттин мүчөсү Мирослав Ниязов билдирди. Саясатчынын айтымында, учурда оппозициялык күчтөрдүн максаты бир болгону менен, бул максатка жетүүнүн жолдору ар башка болууда. “Учурда революциялык жол менен баруу эрте, кырдаал бышып жете элек. Мында оппозициянын эмес, элдин эрки болушу керек”, - дейт М.Ниязов. Саясатчынын пикиринде, элдик революциялык кыймыл президентти кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетирүү талабын коердон мурда, өлкөнү башкаруу системасын, анын түзүлүшүн аныктаса туура болоор эле. “Учурда эл бийликке да, оппозицияга да анча ишенбей турат, ошондуктан радикалдуу кадамдарга барбай, мыйзамдын чегинде иш аракеттерди көрүү зарыл”, - деп билдирди М. Ниязов. (MSu)

XS
SM
MD
LG