Аден булуңунда каракчылар кытайлык буудай ташып бараткан кемени да барымтага алышты. Кытайдын "Синхуа" маалымат агенттиги билдиргендей, Гонк-Конгтон Иранга жүк ташып бараткан кеменин экипажынын саны 25 адамдан турган. Ал эми жекшемби күнү болсо, кара май тартып бараткан дагы бир кемени Сомалиде каракчылар басып алышкан эле. Алардын колуна түшкөн Sirius Star кемесинин бортунда эки миллион баррель мунай бар, анын жалпы баасы 100 миллион доллардан ашат. Бул танкерди каракчылар Сомалидеги Харардер портунда алып келип, якорго байлап коюшкан. Барымтага алынган кемелер жана алардын командалары үчүн каракчылар негизинен кун талап кылышат, анын өлчөмү 300 миң доллардан бир нече миллион долларга жетет. Кун төлөгөн тараптар адатта анын суммасын айтышпайт.