Төрт миңден ашык киши ар кандай оорчулуктагы жаракат алды. Ички иштер министрлигинин маалымдашынча, 2008-жылы он айдын ичинде жол кырсыгы боюнча үч жарым миңден ашык факты катталган. Өлкөдө айрыкча балдардын бул кырсыкка кабылган учурлары көбөйүп жатканы кооптондурат. 16-20-ноябрь күндөрү Кыргызстанда дүйнө жүзүндөй эле жол кырсыгынан курман болгондорду эскерүү күнүнө карата акциялар өткөрүлүүдө. Мектептерде жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча түшүндүрүп-маалымат берүү иштери уюштурулуп жатат. Жол кыймылын күзөтүп иштеген кызматкерлер шаардагы №3 балдар ооруканасында жол кырсыгынан жапа чеккен балдарга кан тапшырышты. (EBM)