Бул кылмышка тиешеси бар делген тажик атуулу Далери Золан аттуу адам колго түшкөнүн Ички иштер министрлиги бүгүн маалымдады. 17-ноябрда түндө Улуттук университетте окутуучу болуп иштеген Польшанын жараны Хованек Мачей Язек бычак жеп ооруканага жеткирилген. Бирок алган жараатынын жан таслим болгон. Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам иликтөө тобу окуя болгон жерден бычак таап, андагы колдун изин аныктаган. Алгачкы маалыматтарга караганда поляк тажик атуулу менен Интернеттен таанышып, аны үйүнө чакырган. Учурда бул кылмыш иши боюнча иликтөө иштери уланууда. (EBM)