Бул туурасында райондук кеңештин депутаты Сапар Аргынбаев «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымына караганда, келээрки шейшемби күнү Жогорку Кеңештин «Ак жол» фракциясынан он эки депутат Москва районундагы шайлоочулар менен жолугушат. Ал эми райондогу бир катар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү башка фракциялардан дагы депутаттардын келүүсүн суранышууда. «Жолугушууда негизинен электр энергиясына, азык-түлүккө жана жол кире маселесине байланыштуу бир катар суроолор көтөрүлүшү мүмкүн», - деп билдирет С. Аргынбаев. Бирок жергиликтүү бийлик жолугушуу туурасында район элине азырынча эч кандай маалымат бере элек. (JJ)