Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:53

“Жаңы Кыргызстан” партиясы “ Ак жол” фракциясына кайрылды


Кайрылууда өкмөттү кызматтан кетирүү боюнча “Жаңы Кыргызстан” партиясы көтөргөн демилгени колдоого алуу сунушталган. Бул тууралуу “Азаттыкка” партиянын лидери Исмаил Исаков бүгүн билдирди. “Ак жол” фракциясынын лидери Азизбек Турсунбаевге жолдонгон катта “Жаңы Кыргызстан” партиясы парламенттик шайлоодо “Ак жол” партиясын колдогону, ошого жараша өлкөдө коррупция, энергетикалык кризистин күчөшүнө жооп берери белгиленген. “Ак жол” фракциясы “Жаңы Кыргызстан” менен макулдашпай “Түндүкэлектро”, Бишкек жылуулук борбору жана Бишкекжылуулуктармактар ишканасын сатууну чечкени, энергетика тармагындагы кризисти иликтөө боюнча Бакыт Бешимовдун комиссия түзүү демилгесин колдоого алынбаганы да түшүнүксүз, деп белгиленген катта.(AiT)

XS
SM
MD
LG