Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Пакистанда төрт согушкер ракеталык соккудан мерт болду


Пакистандык расмий өкүлдөрдүн айтымында, окуя өлкөнүн Түндүк-Батыш чек ара провинциясынын Жаникел чөлкөмүндө болду. Ал эми эки ракета АКШныкы деп болжолдонгон учкучсуз учактан атылган. Андан каза таптан төрт адам - араб тектүү жана Борбор азиялык согушкерлер. АКШ акыркы айларда Пакистандын уруулар жашаган аймактарынан Ооганстанга кол салып жатат деп эсептелген согушкерлерге учкучсуз башкарылган учактар менен абадан сокку урууну күчөттү. Мындай чабуулдарды өлкөнүн суверенитетин бузгандык деп эсептеген Пакистан ага нааразылык билдирген.

XS
SM
MD
LG