Москванын бул ишти карап жаткан аскерий соту бүгүн өзүнүн кечээги чечимин өзгөртүп, сот жабык өтөрүн жарыялады. Мунун жүйөөсү катары айтылган маалыматка караганда, жараянга төрагалык кылган судья менен бирге отруучу адамдар же присяжныйлар коллегиясы кабарчылар жүргөн кезде сот залына кирүүдөн баш тарткан.
Москвада чыгуучу "Новая газетанын" баяндамачысы, Кремлдин катаал сынчысы Анна Политковская 2006-жылдын октябрында өз үйүнүн жанынан атып өлтүрүлгөн. Бул кылмыш иши боюнча азыр төрт адам айыпталууда. Бирок алардын арасында түздөн-түз журналистти өлтүрдү жана бул кылмышты ишке ашырууга буйрук берди деп шектелгендер жок.
Тергөөчүлөрдүн айтымында, Анна Политковскаяны аткан адам Орусиядан чыгып кеткен, ал эми ким буйрук бергени аныкталган эмес.
Сот жараяны ачык өтүшүн маркум Политковскаянын үй-бүлөсүнүн жана айыпталуучулардын адвокаттары талап кылып келишкен. Алар ачык сот саясий мүнөзү бар бул иште адилеттик орноорун кепилдөөнүн жалгыз жолу деп эсептешет.