Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Орусия менен Грузиянын ортосундагы сүйлөшүүлөр декабрда уланат


Бул тууралуу кечээ коопсуздук жана качкындар тууралуу Женевада өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Орусиянын жана Грузиянын өкүлдөрү билдиришти. Бейрасмий жолугушуу маалында Абхазия жана Түштүк Осетиянын өкүлдөрү да катышып отурушту. Өткөн айда буга чейинки алгачкы айлампа ага Грузиядан ажырап кеткен, ал эми Орусия көз карандысыз өлкөлөр катары тааныган Абхазия менен Түштүк Осетиянын өкүлдөрү катышуусу керекпи же жокпу деген маселе боюнча талаштан улам тез эле үзгүлтүккө учураган. Грузия Орусиянын аларды катыштыруу талабына каршы чыккан.

XS
SM
MD
LG