Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Төрага АКШнын элчисин кабыл алды


Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев 19-ноябрда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татиана Гфеллер айымды кабыл алды. Анын учурунда Айтибай Тагаев Кыргызстан АКШ менен кызматташууга артыкчылык берерин билдирген.Төрага ошондой эле парламенттин курамы, ал кабыл алып жаткан мыйзамдар тууралуу элчиге маалымат берген. Өз кезегинде элчи Гфеллер айым Жогорку Кеңеш тарабынан жакында эле кабыл алынган “Ишеним эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга токтологон. Төрага ал мыйзамды кабыл алуунун зарылчылыгы өлкөдө түзүлүп жаткан диний кырдаалга жараша болгонун билдирген.Тараптар ошондой эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүүгө байланыштуу башка маселелерди да талкуулашкан. Бул тууралуу парламенттин мааылмат кызматынан кабарлашты.(AiT)

XS
SM
MD
LG