Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Президент премьер-министрди түштөн кийин кабыл алат


Германиядан дарыланып кайткан президент Курманбек Бакиев бүгүн түштөн кийин премьер-министр Игорь Чудиновду кабыл алат. Анда өкмөт башчы мамлекет башчысына өлкөдөгү экономикалык кырдаал тууралуу маалымат берет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан “Азаттыкка” бүгүн кабарлашты. Президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Досалы Эсеналиевдин билдирүүсүнө караганда, мамлекет башчысы бүгүн эрте менен Оштон Бишкекке учуп келди. Германиядан бутунун муундарын дарылатып кайтан президент Курманбек Бакиев 19-ноябрда коюу туманга байланыштуу Манас аба майданына коно алган эмес. Ал Ош аба майданына конуп, андан кийин Бишкекке учуп келди. (AiT)

XS
SM
MD
LG