Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Нью-Йоркто кыргыз сүрөчүлөрдүн көргөзмөсү өтүүдө


Ушул тапта АКШнын Нью-Йорк шаарында кыргызстандык Гүлнара Касмалиева жана Муратбек Жумалиевдин эмгектеринин көргөзмөсү өтүп жатат. “Жаңы Жибек жолу” аттуу көргөзмөдө алардын фотосүрөттөрү жана видео эмгектери эл сынына коюлган. Сүрөтчүлөрдүн чыгармаларындага негизги тема бул - дүйнөлүк экономиканын чакан өлкөнүн турмушуна тийгизген таасири, Улуу Жибек жолун бойлой жашаган адамдардын жашоо-тиричилиги. Бишкекте жашап, эмгектенишкен Г.Касмалиева менен М.Жумалиев буга чейин Чикаго, Венеция, Шанхай өңдүү бир топ шаарларда өз чыгармаларынын көргөзмөсүн уюштурушкан. 13-ноябрда башталган иш-чара эмки жылдын январь айына чейин уланат. (AiJu)

XS
SM
MD
LG