Премьер-министрдин басма сөз катчысы Айбек Султангазиевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, бүгүн саат 15:00 президент Курманбек Бакиев өкмөт башчы Игорь Чудиновду кабыл алды. Жолугушууда өкмөт башчы өлкөдөгү экономикалык кырдаал тууралуу маалымат берери айтылган. Германиядан 19-ноябрда Кыргызстанга кайтып келген мамлекет башчысы дүйнөлүк финансылык кризиске байланыштуу Кыргызстан кошумча чараларды көрүш керектигин билдирген.(AiT)