Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

Президент энергетика жана экономика министрлерин кескин сынга алды


Президент Курманбек Бакиев бүгүн премьер-министр Игорь Чудиновду кабыл алды. Анда өкмөт башчы он ай ичиндеги өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү, энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча маалымат берди. Өз кезегинде Президент Экономика жана соода министри Акылбек Жапаровду жана Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбековду кескин сынга алып, алардын катастрофалык мүнөздөгү билдирүүлөрүн айыптады. Президенттин пикиринде, мындай билдирүү жасаардын алдында министрлер ойлонуп, баарын салмактап андан кийин билдирүү жасаса болмок. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Турдумаматов “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка караганда, 24-декабда өкмөттүн кеңиртилген жыйыны болуп, анда өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин иштерине баа берилет. Белгилүү болгондой Акылбек Жапаров келерки жылы Кыргызстан финансылык кризиске кабыларын, ал эми Сапарбек Балкыбеков энергетика тармагында кырдаал курчуурун айтып чыккан.(AiT)

XS
SM
MD
LG