Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:51

ЭВК Исландияга 2,1 миллиард доллар насыя берүүнү жактырды


Эл аралык валюта корунун айтымында, эки жылга эсептелген насыя Исландияга "адаттан тыш чен-өлчөмдөгү банк кризисинен" чыгуусуна жардам берүү үчүн ажыратылууда. Глобалдык каржы кризисинен улам өткөн айда Исландиянын үч ири банкы бир аптага жетпеген мезгилдин ичинде кыйраган.

Исландия - Батыштын акыркы 30 жылдан ашуун мезгил ичинде Эл аралык валюта корунан насыя алып жаткан алгачкы өлкөсү. Бүгүн ошондой эле өлкөнүн түндүктөгү төрт коңшусу: Финляндия, Швеция, Норвегия, Дания ага 2,5 миллиард доллар жардам көргөзөрүн жарыялашты.

XS
SM
MD
LG