Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:39

АКШ менен Азияда акциялар, мунай арзандады


Адистер муну глобалдык каржы системасынын келечеги боюнча кооптонуулар уланып жатканы менен байланыштырышууда. АКШдагы кечээги кескин төмөндөөдөн кийин бүгүн Жапонияда негизги биржалык индекс - Никкей 5%га ылдыйлады. 5%дан ашуунга төмөндөө Түштүк Корея менен Гонконгдун биржасында да орун алды.

Ал эми мунайдын бир баррели Азиядагы бүгүнкү соодада 53 долларга жеткен жок. Мунун алдынча кечээ АКШда негизги биржалык индекс Доу-Жонс 5%дан ашуунга ылдыйлаган.

Ошондой эле кечээ АКШда Улуттук банк катары эсептелген федералдык резерв системасы келерки жылга карата экономикалык өсүш боюнча болжолун азайтты.

XS
SM
MD
LG