Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Пакистан АКШга нааразылык билдирди


АКШнын Исламабаддагы элчисине нааразылык согушкерлердин өлкө аймагындагы турумдарына ракеталык сокку урулганына байланыштуу билдирилди. Абадан ракеталык соккулар негизинен учкучсуз башкаруудагы учактар тарабынан жасалуууда. Бирок америкалык аскерий өкүлдөр буга окшогон фактыларды кээде гана моюнга алышат. Соңку ирээт кечээ АКШныкы деп шектелген учкучсуз учактын соккусунан беш согушкер, анын ичинде балким "ал-Каиданын" адамы деп эсептелген бир араб да мерт болгон.

АКШ Пакистандан Ооганстанга өтүп келип, кол салып жаткан согушкерлер өлкөнүн түндүк – батышында, уруулар жашаган аймакта жашырынып жүрөт деп эсептейт. Ал эми Пакистан учкучсуз учактардан жасалган ракеталык соккулар өлкөнүн суверенитетине шек келтирүүдө деген көз карашта.

Премьер- министр Юсуф Реза Гилани бүгүн парламентте сүйлөгөн сөзүндө мындай чабылдарды "кабыл алынгыс" деп атады. АКШнын шайланган президенти Барак Обаманын өкмөтү сабырдуурак болоруна үмүттөнөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG