Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

В.Путин: Өкмөт экономикалык "кыйроого" жол бербейт


Орус өкмөтү глобалдык экономикадагы кризистен улам Орусияда 1990-жылдары орун алган көйгөйлөрдүн, "кыйроолордун" кайталануусуна жол бербеш үчүн колдон келгендин баарын жасайт. Муну премьер-министр Владимир Путин бүгүн өзү лидери болгон "Бирдиктүү Орусия" партиясынын 10-курултайында убада кылды.

Путиндин айтымында, Орусияда азыр улуттук акча -рублдин куну кетүүсүнө жол бербегидей чет элдик валюта жана алтын кору жетиштүү. Ошондой эле макроэкономикалык туруктуулукту сактоо үчүн да резервдери жетиштүү.

Орус өкмөт башчысы бийликтеги партиянын курултайында глобалдык каржы кризистин кесепетттерин жоюу боюнча чаралардын топтомун жарыялады. Кризистен Орусиянын да баалуу кагаздар базары катуу сокку жеди.

Путин ага катар глобалдык каржы кризисинин шартында жакыр өлкөлөргө жардам берүүсү үчүн Орусия Эл аралык валюта коруна 1 миллиард доллар жөнөтүп жатканын билдирди.

"Бирдиктүү Орусия партиясынын" бул жолку курулатайы Мамлекеттик дума конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамды абыл алып жаткан учурга туш келди. Ал өзгөртүүлөрдүн бири президенттин кызмат мөөнөтүн төрт жылдан алты жылга узартууну карайт.

Орусиялык расмий өкүлдөр бул чара Путиндин президенттик кызматка кайтуусуна жол ачуу үчүн жасалган арга деген жоромолдорду төгүндөштү.

XS
SM
MD
LG