Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Өкмөттүн кеңейтилген жыйыны 24-декабрга белгиленүүдө


Өкмөттүн маалымат кызматынын өкүлү Болот Жумабаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, жыйында өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин иштерине баа берилет. Декабрь айында өкмөттүн кеңейтилген жыйынын өткөрүү тапшырмасын мамлекет башчы К.Бакиев кечээ премьер-министр И.Чудиновду кабыл алганда берген. Өкмөт башчы менен болгон жолугушууда президент Курманбек Бакиев экономика жана соода министри Акылбек Жапаровду жана өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбековду кескин сынга алган. Белгилүү болгондой Акылбек Жапаров келерки жылы Кыргызстан финансылык кризиске, ал эми Сапарбек Балкыбеков 2009-жылдын февраль айында энергетика кризисине кабылаарын айтып чыгышкан эле. (MSu)

XS
SM
MD
LG