Адистер муну глобалдык каржы системасынын келечеги боюнча кооптонуулар уланып жатканы менен байланыштырышууда. Кечээ АКШда негизги биржалык индекс Доу-Жонс беш жарым пайызга ылдыйлады. Ал эми Нью-Йоркто мунайдын бир баррели кечээки соодада 49 жарым гана долларды түздү. Ошондой эле бейшемби күнү орусиялык каржы базарлары да кескин солгундады. Орус премьери Владимир Путин болсо, орус өкмөтү глобалдык экономикадагы кризистен улам Орусияда 1990-жылдары орун алган көйгөйлөрдүн, "кыйроолордун" кайталануусуна жол бербеш үчүн колдон келгендин баарын жасайт деп ишендирди.