Линктер

бейшемби, 24-август, 2017 Бишкек убактысы 10:49

Жогорку Сот Акаевдин китепканасынын тагдырын чечет


Жогорку Сот бүгүн “Кыргызстандын биринчи президентинин китепканасы” аттуу коомдук фонддун Бишкек шаардык соттун чечимин жокко чыгаруу арызын кароого киришти. Коомдук фонд Башкы прокуратуранын китепкана аукциондо сатылып, каражаты мамлекетке чегерилсин деген чечимин жокко чыгарууну талап кылууда. Бул маселеге байланыштуу Орусиянын 3 академиги Кыргызстандын Жогорку Соту маселени адилеттик менен чечет деген ишенимин билдирген кайрылуусун президентке,Жогорку Кеңешке, Жогорку Сот төрайымына жана БУУ,ЕККУ менен бейөкмөт уюмдарга жолдогон. Коомдук фонддун эл аралык байкоочулар кеңешинин мүчөсү болгон 3 академик биринчи президенттин китепканасы сатылбай, өз милдетин аткарып калса кыргыз элинин мурасы болоорун белгилешкен. (BD)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG