Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:00

Кытайдан келген ундун тагдыры кийин чечилет


Мындай маалыматты “Азаттыкка” Мамлекеттик сатып алуулар жана резерв боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Пайзуллабек Рахманов билдирди. Анын айтымында, азыр 804 тонна ун агенттиктин Балыкчыдагы кампасына түшүрүлүп жатат. Ун ал жерден газ менен тазаланып, эленгенден кийин тиешелүү мекемелердин текшерүүсүнөн өткөрүлөт. Текшерүүдө адамдын ден соолугуна зыяндуу заттардын жок экендиги аныкталса пайдаланууга берилет. Айыл, суу чарба министрлигинин экспертиза борбору унда зыяндуу мите курттар жана капр коңузу бар деп шектенгенден кийин ун Орусиянын илимдер академиясынын тамак-аш илим изилдөө институтуна жана мамлекеттик резервди сактоо проблемалары боюнча илим изилдөө институтуна жөнөтүлүп, ал жердеги адистер меламин жана капр коңузу жок деген жыйынтыгын беришкен. Ал эми Айыл, суу чарба министрлиги орусиялык адистер кампаларда күн өткөрүүчү курттун 8 түрү бар деп тастыкташкандыгын билдирген. (BD)

XS
SM
MD
LG