Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Ноокатта айтта чыр чыгаргандардын соту башталды


Ош облусттук соту 1-октябрда Орозо айт күнү Ноокатта массалык баш-аламандыкты уюштуруп, акимчиликти таш бараңга алган деп айыпталган отуз эки адамдын ишин карап баштады. Учурда күбөлөр суралууда. 5-октябрдан тарта убактылуу кармоочу жайда кармалып турган айыпталуучулардын Хизб-ут-тахрир партиясынына тиешеси бар экенин расмий бийлик билдирген. “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Жанарбек Акаевдин маалымдашынча, сот жараяныны мамлекеттик эмес маалымат каражаттардын өкүлдөрү киргизилген жок. Айыпталып жаткандардын туугандарынын көбү жана мурунку Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу менен “Жоомарт” кыймылынын лидери Нурлан Мотуев да сыртта калды. Алар чогулгандар менен жолугуп, бийликтин аракеттерин сынга алышты. (EBM)

XS
SM
MD
LG