"Ички иштер министрлиги Алишер Саиповдун өлүмү боюнча кылмыш ишин жаңыртып, ал атып өлтүрүлгөн тапанчага менин уулумдун тиешеси бар деп шек саноосу саясий буйрутма", - деп билдирди "Азаттыкка" "Акыйкат үчүн" кыймылынын төрагасы Аликбек Жекшенкулов. Ички иштер министринин орун басары Дмитрий Федоров Бишкектеги бир кафеде жаштардын кармаша кеткен эки тобунун биринде Жекшенкуловдун уулу Беккул болгон жана анда Саипов атылган тапанча колдонулгандыгын Кыргызстандагы жана Казакстандагы иликтөөлөр тастыктады деп бүгүн билдирди. Аликбек Жекшенкулов мындан бир жыл мурун болгон кылмышты иликтөө иштери эбак бүткөндүгүнө карабай анын изин курултай болоордо ачыкка чыгаруу өзүнүн ишмердигине гана байланыштуу, деген пикирде.(BD)