Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

Эл аралык уюм Саиповдун өлүмүн тергөө боюнча кабатыр


Баш кеңсеси Нью-Йорк шаарында жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети журналист Алишер Саиповдун өлүмүн тергөөнүн жүрүшү боюнча Ички иштер министринин орун басары Дмитрий Федоровдун маалыматына кабатырланган билдирүү таратты. Комитеттин Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын координатору Нина Огнянова “Кыргызстандын бийлиги Алишер Саиповдун кесиптик ишмердигин эстен чыгарып жаткандыгына тынчсыздануудабыз. Кылмыштын бети эмдигиче ачыла элек жана буга саясий чечимдин жоктугу башкы бөгөт деген ойдобуз” деп белгилеген. Андан тышкары Саипов Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун адам укуктарын басмырлаган саясатын сындаган өткүр журналист болчу. Ошон үчүн Кыргызстандын бийлиги өз аракетинин чыныгы себебин коомчулукка билдирүүгө тийиш” деп жазылган.(BD)

XS
SM
MD
LG