Линктер

шейшемби, 22-август, 2017 Бишкек убактысы 11:18

Р. Шаботоев үчүн 30 миң доллар талап кылган киши кармалды


Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жоголгон депутат Р. Шаботоевдин Канттагы тууганы Э. Алымкулов 20-ноябрда ИИМге кайрылган. Ага белгисиз бирөө чөнтөк телефону аркылуу байланышка чыгып, “агаңды тирүү көргүң келсе, милицияга кайрылбай 30 миң АКШ долларын алып кел" сураган. ИИМдин кийлигишүүсү менен кечээ бул окуяга тиешеси бар 24 жаштагы Данияр Алдаяров колго түштү. Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардын биринде турган Д. Алдаяров сурак убагында жоголгон депутаттын кайда экендиги тууралуу маалыматы жоктугун, жөн гана аны барымтага алган киши катары ортодон акчалуу болгусу келгенин айткан. Учурда бул иш боюнча тергөө иши уланууда. (EK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG