Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:31

А. Жекшенкулов: Уулума кылмыш иштин козголушу – саясий куугунтук


“Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкулов уулу Беккул Жекшенкуловдун маркум журналист А. Саиповдун иши боюнча күнөөлүү катары суракка тартылып жатышын саясий куугунтук деп баалайт. “Менин уулум – “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү, сырттан билим алып, 3- 4 тил билген, мыйзамды урматтаган бала. 1 жыл мурун бул иш боюнча күбө катары суралып, эми күнөөлүү болуп калабы?! Бул – Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн саясий буйрутмасы,” – дейт  А. Жекшенкулов. Анын  баамында бийлик  оппозициянын 29 - ноябрга белгиленген  курултайы алдында саясатчыга  сес көрсөтүп жатат. (EK)  

 

XS
SM
MD
LG