Бул тууралуу Жалал-Абат шаар мэриясынын маалымат кызматы билдирет. Марафонду 6-декабрда облустук мамлекеттик телекомпаниянын жаңы курулуп бүткөн имаратында өткөрүү пландалган. Чогулган каражатка жаңы телеборбор үчүн техникалык жабдыктар сатылып алынат. Аталган марафонго башка облустардан жана Бишкек шаарынан да коноктор чакырылган. (IJz)