Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

Э.Каптагаев бийликтин басым-кысымы тууралуу билдирүү менен чыгат


“Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөсү, “Улуу биримдик” партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, бийлик тараптан коркутуп-үркүтүүлөр күч алганын, анын өзүнө да соңку кездери ачык коркутуулар айтылып жатканын билдирди. Бул тууралуу жакынкы күндөрү калкка билдирүү менен чыгып, бийликтин ыплас аракеттерин ашкерелей турганын айткан саясатчы, мындай кысымдар “Акыйкат үчүн” кыймылынын башка мүчөлөрүнө карата да жасалып жатканын баса белгиледи. Анын айтымында, аталган кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкуловдун уулун кылмыш жообуна тартуу аракети да саясий мүнөзгө ээ. “Бирок кандай болгон күндө дагы мунун бардыгы жакында боло турчу курултайдын ишин үзгүлтүккө учурата албайт”,- дейт Э.Каптагаев. Ал эми бийлик өкүлдөрү оппозиция тарап коюп жаткан айыптардын бардыгы мыйзам чегинде өтүп жаткан иш-чаралар экендигин айтышууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG