1966-жылы “Битлздин” ырчысы анын тобу Иса Машайыктан да атактуу экендигин айткан эле. "Л'Осерваторе Романо" басылмасы Ленондун бул сөзүн "рокн-ролдун" доорунда капысынан атакка жеткен жумушчу класстан чыккан жаш жигиттин "мактанычы" болгон деп мүнөздөдү. Макалада "Битлздин" ырлары "көңүл көкөлөткөн" жеңилдикти алып келип, башка поп музыканттарына шык бергени да белгиленет.