Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Москва Грузияны чагымга барды деп кинелөөдө


Грузия роза ыңкылабынын 5 жылдыгын белгилеген жекшемби күнү Орусия менен Грузиянын ортосунда алака дагы салкындай түштү. Грузия Михаил Саакашвили менен Польшанын президенти Лех Качиньски түшүп бараткан машиналар орусиялык жана түштүк осетиялык жоокерлер турган бекеттен аткыланды деп кинеледи. Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров муну чагым деп баалап, четке какты. Ал эми Михаил Саакашвили ыңкылап майрамына карата сыналгы аркылуу элге жолдогон кайрылуусунда Орусиядан коркунуч болуп турган чакта биригүү керек деп чакырды. 23-ноябрда болсо Грузиянын экс-спикери Нино Бурджанадзе “Демократиялык кыймыл-Бирдиктүү Грузия” атту партиясын түзүү курултайын өткөрүп, эмки президенттик шайлоого катышуусу мүмкүн экендигин жашырган жок.

XS
SM
MD
LG