Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

НАТО Ооганстандагы күчтөрү менен Пакистандын армиясынын ымаласы жакшы деп билдирди


НАТОнун билдирүүсү боюнча, өзүнүн Ооганстандагы күчтөрү менен Пакистандын армиясынын ортосундагы кызматташтык “буга чейин болуп көрбөгөндөй мыкты деңгээлде”. НАТОнун өкүлү, генерал Ричард Бланшет учурда аскердик операцияларды пландоо жана аткарууда координация бар деп айтты. Генералдын белгилешинче, Ооганстандын Кунар вилайетиндеги эл аралык күчтөрдүн аракеттери жана Пакистан армиясынын коңшу Бажаур аймагындагы согушкерлерге каршы чабуулу да жакшы координацияланууда. Буга чейин бир нече ирээт Пакистан бийлиги өз аймагында америкалык күчтөрдүн ракеталык чабуулдарына нааразылыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG