Африканын батышындагы Гвинея Бисауда мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети болду. Маалымат агенттиктердин кабарлоосуна ылайык, аскерлерден турган топ өлкөнүн президенти Жуана Бернарду Виейранын үйүн аткылашкан. Кабарларга караганда, президент жабыркаган жок, бирок бир адам набыт болуп, дагы бир нечеси жаракат алды. Гвинея-Бисаунун Куралдуу күчтөр командачылыгы өлкөдөгү кырдаалды өз көзөмөлүнө алганын билдирди. Буга чейин Гвинея-Бисауда бир нече жолу аскердик төңкөрүштөр болгон.