Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:49

“Репортер-Бишкек” гезитинин авторлорунун бири Швецияга качты


Гезиттен алынган маалыматка караганда, макаланын автору, “Жашылдар” партиясынын мүчөсү Хабира Мажиева учурда Швеция бийлигинен баш калка сурап жатат. Эл аралык конференцияга катышуу үчүн Швецияга кетер алдында Мажиеванын Бишкектеги үйүнө белгисиз эки адам кирип, кысым көрсөткөн. Буга анын “Репортер-Бишкектин” 14-ноябрдагы санына жарыяланган “Кеминизм бүттү” деген макаласы себеп болгон. Макалада өкмөттүн 30-октябрдагы токтомунун долбоору жарыяланган. Долбоордо “Чоң Кемин” мамлекеттик улуттук жаратылыш коругунун курамынан Кичи-Кемин, Окторкой аймактарын чыгаруу каралган. Токтом долбоору аталган аймактарда бар деп болжолдонгон беррилий, алтын, висмут, полиметал баалуу заттарды иликтөө максаты менен негизделген. Көз карандысыз экологиялык экспертиза уюму токтом долбоорун мыйзамсыз деп тапкан.

“Репортер-Бишкек” гезитинин негиздөөчүсү Султан Каназаров Хабира Мажиева жазган макала боюнча гезитке кысым болбогондугун билдирди. Укук коргоочулар буга чейин баш калка сурап чет өлкөгө акыркы эки жылда 10 журналист чыгып кеткенин кабарлаган. (BuS)

XS
SM
MD
LG