Линктер

бейшемби, 24-август, 2017 Бишкек убактысы 01:17

А. Жекшенкулов: Элдик курултайга “ак жолчулардан” башкасы чакырылат


Ишемби күнгө болжолдонуп жаткан бириккен оппозициянын элдик курултайына 1200 киши чакырылууда. Алардын катарында президент Курманбек Бакиев башында турган “Ак жол” элдик партиясынан башка Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр бар. “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов “Азаттыкка” билдиргенине караганда, курултай өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаалга баа берет жана Кыргызстанды өнүктүрүүнүн жаңы концепциясын кабыл алат. Курултай бийликтин уруксаты менен 29-ноябрда Бишкектеги Н. Крупская атындагы орус драма театрында өткөнү жатат.
Конструктивдүү оппозициядабыз деген күчтөр “Мындай жашоого болбойт” деген чакырыктын алдында мамлекеттик системаны алмаштыруу максаты менен 3-ноябрда меморандум аркылуу бириккен. Курултайда оппозиция системаны алмаштыруунун жолун аныктаары тууралуу айтылууда. Буга чейин Таласта өткөн элдик жыйында элдешкис оппозиция бийликти күч менен кетирүү жолун тандап алганын жарыялаган. (BuS)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG