Президент Курманбек Бакиев бүгүн өкмөт мүчөлөрүнүн жана эл аралык уюмдардын жергиликтүү өкүлдөрүнүн катышуусундагы жыйында ушинтип билдирди. Президенттин пикиринде өкөдө дүйнөлүк кризистин белгилери байкалууда. Ал эми энергетика тармагындагы жагдай - өңчөй ички маселе. Ошондуктан дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Президент ошондой эле өкмөттү министрликтер ортосундагы макулдашуу жок деп кескин сынга алды. “Жалпы аракеттерди мобилизациялоонун ордуна координациянын жоктугу, министрлердин ойлонулбай аракеттенүүсү байкалууда. Буга вице-премьер-министрдин, Экономикалык өнүгүү жана каржы министринин божомолдор боюнча эл алдындагы талаш-тартышын мисалга тартсак жетиштүү болот.” деди президент. Президент өкмөт мүчөлөрүнөн катуу тартипти талап кылды. Өкмөт башчы Игорь Чудиновду кескин сынга алды. “Убакыт аз, талашып –тартышып, жоромолдоп отургандын ордуна иштөө керек. Кимдин билими, тажрыйбасы жетпесе, ордун бошотуп коюшу керек” деди президент жыйында. Ал ошондой эле өкмөттүн жыйындары январда, мартта, июлда, октябрда өткөнү менен, реалдуу кадамдар жасалбай жатат деди. (BuS)