Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:57

Баткенде кыргыз чегарачысынын куралын тажик жарандары тартып алышты


Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Сагынбеков билдирди. Анын айтымында, кечээ түштөн кийин Баткен районундагы 2022-чегара бөлүгүнүн аскерлери Кожо-Карым жайлоосунан Тажикстандын алты атуулун багып жүргөн 200 кою менен Кыргызстандын чегарасынан чыгып кетүүсүн талап кылышканда, алар мындай буйрукка баш ийбей чегарачыларды таш бутага алышкан. Кыргыз чегарачылары эскертме ок чыгарганына карабастан, элүүдөн ашуун тажикстандыктар бир чегарачынын куралын ок кутусу менен кошо тартып алып коюшкан. Азырынча кыргыз чегара кызматына таандык Калашников автоматы Тажиктсандын күч органдарында сакталып турат. Учурда бул окуя боюнча кыргыз тарап иликтөө иштерин баштады.(JsA)

XS
SM
MD
LG