Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:59

Баткенде айыл өкмөт башчыcы тажик РИИБисинин жетекчисинен сокку жеди


Бул окуя кечээ кыргыз чегарачылары менен тажик жарандарынын ортосунда чыккан чырды басуу үчүн эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барган учурда болгон. Баткендин Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Таалай Ибраимовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, аны ошол учурда Тажикстандын Исфара райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Рахманкул Давлатов “Сен дайыма эле чегара маселесин козгой бересиң” деп көкүрөккө автоматтын кундагы менен бир койгон. Таалай Ибраимов тажик милиция өкүлүнүн бул жоругунан улам Баткен райондук милициясына арыз бергенин кошумчалады. Кечээ аталган айыл өкмөттүн аймагында кыргыз чегарачылары менен тажик жарандарынын ортосунда чыр чыгып, тажик жарандары кыргыз чегарачысынын куралын бир куту огу менен кошо тартып алган.

Эртең, 25-ноябрда болсо Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын коопсуздук кеңешинин катчылары жолугушаары мурда кабарланган эле. Баткен облустук акимчилигинен бул жолугушуу эртең болоорун “Азаттыкка” тастыкташты. Анда дал ушул чегара маселелери каралмакчы. (SM)

XS
SM
MD
LG