Буга байланышкан макулдашууга бүгүн Бишкекте Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Лан Ву менен каржы министри Тажикан Калимбетова кол коюшту. Банктын атайын корунан грант түрүндө бөлүнүп жаткан бул каражат Кытай менен Кыргызстан баштаган Борбор Азиянын башка мамлекеттерин туташтыра турган Бишкек-Торугарт автожолунун 39 чакырымын оңдоого сарпталат. (BuS)