Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Каржы полициясы “АКИпресс” агенттигинин баш редакторун чакырды


Жолугушууга жактоочу катары катышкан медиөкүл Илим Карыпбековдун билдиргенине караганда, агенттиктин баш редактору Бегаим Үсөнованы Каржы полициясы Кытайдан ташылып келген ун боюнча күбө катары сурады. Тергөөчү жолугушууда журналисттин меламин жана кабык курт жөнүндөгү маалыматты кайдан алганына кызыкты.

Баш прокуратура Кылмыш кодексинин 316-беренси боюнча кылмыш ишин козгоп, каржы полициясына өткөрүп берген. Кылмыш иши ундун жетишсиздигине, өз баасынан төмөн сатылгандыгына байланыштуу тиешелүү милдеттерин аткарган эмес деп мамлекеттик резервдер мамлекеттик корунун жооптуу кызматкерлерине карата козголгон деп белгилейт “АКИпресс” агенттиги. (BuS)

XS
SM
MD
LG