Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Өкмөт түзүмүн өзгөртө алабы?


Премьер министр Игорь Чудинов өкмөттүн азыркы түзүмүн өзгөртүүгө кызыкдар эмес, анткени өзү менен бирге иштеген министрлер менен мекеме башчыларын кыскартуу зор күчтү талап кылган чечим - деп билдирди экс-Адилет министри Марат Кайыпов. Экс-министр мындай пикирин президент Курманбек Бакиевдин кечээки жыйында өкмөт түзүмүн өзгөртүп, өкмөттүн ыкчам чечим кабыл ала турган президиумун түзүү сунушуна байланыштуу билдирди. Марат Кайыпов баш катчысынын орун басары болгон “Жаңы Кыргызстан” партиясы президентке кайрылуу жолдоп, анда азыркы өкмөттү кетирип, анын ордуна 12 министрликтен, 13 мекемеден турган чакан өкмөт түзүүнү сунуштаган. Бирок, азыр ал кайрылуу боюнча президенттин пикири бизге белгисиз-деди М.Кайыпов.(BD)

XS
SM
MD
LG