Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

Барак Обаманын экономикалык ишмерлери даяр


АКШнын жаңы президенти Барак Обама өз командасындагы экономикалык саясат жүргүзчү адамдарынын атын атады. Мурда күтүлгөндөй Улуттук банктын Нью-Йорк бөлүмүн жетектеген Тимоти Гайтнерге Каржы министрлиги сунушталды. Билл Клинтондун учурунда Каржы министри болгон Лоуренс Саммерс Обаманын Улуттук экономикалык кеңештин директор болмой болду. Ал эми Берклидеги Калифорния университетинин окутуучусу Кристина Ромер Экономикалык кеңешчилер тобунун жетекчиси болмокчу. Бул тууралуу Барак Обама Чикагодогу маалымат жыйынында билдирди. Обама экономикалык команданын биринчи милдети – эки жарым миллион жумушчу ордун түзүү планын иштеп чыгуу экендигин кошумчалады. Барак Обама азыркы президент Бушту ырасмий түрдө 20-январда алмаштырат.

XS
SM
MD
LG