Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:50

АКШ дагы бир банкты сактап калат


АКШ өкмөтү дүйнөдөгү ири банктардын бири – Citigroupту каржы кризисинен сактап калуу планын жарыялады. Планга ылайык, Citigroup банкына 20 миллиард доллар инвестиция бөлүнөт, бул үчүн банк акциялардын жарымынан көбүн өкмөткө өткөрүп бериши керек болот. Мындан сырткары, өкмөт банктын 300 милларддан ашуун долларга бааланган кредиттеринин кепили болмокчу. АКШ өкмөтү буга чейин дагы ири банктарды, Фанни Мэй (Fannie Mae) жана Фредди Мак (Freddie Mac) өңдүү насыя агенттиктерин каржы кризисинен сактап калуу үчүн ушундай чараларды көргөн. АКШнын президенти Жорж Буш бул маселе боюнча жаңы шайланган президент Барак Обама менен кеңешкенин жана өкмөт мындан ары дагы өлкөнүн каржы системасын колдоого тиешелүү чараларды көрөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG